АКШ лазердик курал сынады

18-Июль 2017, Шейшемби

Американын Аскер деңиз флоту Перс булуңунда лазердик куралды сынактан өткөргөнүн “CNN” телеканалы кабарлады. Лазердик курал системасы (LaWS) “USS Ponce” десанттык кемесине орнотулган.

“Бул көп пландуу курал октон да так. Көптөгөн максаттарда колдонууга болот”,-деди кеменин капитаны Кристофер Уэлс.

Телеканалдын белгилегенине караганда “LaWS” куралынын ылдамдыгы жарыктыкы менен барабар. Континенттер аралык баллистикалык ракеталардан 50 миң эсе ылдам богондуктан бутаны көз ачып жумганча жок кылат.

“Биз шамалдан, бутанын алыстыгынан тынчсызданбайбыз. Куралыбыз көздөгөнүн жарыктын ылдамдыгы менен жок кылууга жөндөмдүү”,-деген лейтенант Кейл Хьюз.

Сынакта колдонулган учкучсуз учак лазердик курал тийгенде деңизге кулаган. Хьюздун айтымында курал электромагниттик спектрдин көрүнбөгөн бөлүгү менен аракет кылгандыктан нур көрүнбөйт жана эч кандай үн чыкпайт. Андан тышкары мындай куралдарды колдонуу ашыкча чыгымга алып келбейт. Бир куралды колдонуунун баасын бир долларга баалоого болот.

Лазердик түзүмдү иштетүүгө чакан генератордон берилүүчү аз өлчөмдө электр тогу керектелет. Бул үч адамдын катышуусунда ишке кирет.

“CNN” телеканалынын белгилегенине караганда лазердик курал аба кемелерин, чакан кемелерди катардан чыгарууга жөндөмдүү. “LaWS” ракетаны атууга алы жетеби деген телеканалдын суроосуна Хьюз “балким” деп жооп берген.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!