Соцтармактарда Винни-Пухка тыюу салынды

18-Июль 2017, Шейшемби

Кытайдын “Sina Weibo” микроблогдор кызматы Винни-Пухту эске салганы үчүн “мыйзамсыз контенттердин” катарына кирди. Андан тышкары аюунун сүрөтү бар стикерлер “WeChat” мессенжеринен алынгандыгын “The Financial Times” гезити жазды.

Эксперттердин баамында Кытайдагы цензура Коммунисттик партиясынын 19-курултайынын алдында күчөдү. Британиялык жазуучу Алан Милндин адабий каарманынын колдонууга тыюу салынганына КЭРдин төрагасын дайыма Винни-Пух менен салыштыруу себеп болгону болжолдонду.

Биринчи жолу 2013-жылы Си Цзиньпиндин Барак Обама менен жолугушуусундагы сүрөттөрүн баарлашуу тармактардын колдонуучулары Винни-Пух менен жолборско окшоштурган. Кийин Си Цзиньпиндин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолуккандагы сүрөтүн Винни-Пух жана досу эшек Иага салыштырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!