Дүйнөдөгү эң бай жети бала

20-Июль 2017, Бейшемби

Жашы жете элек, бирок миллиондогон киреше тапкан балдарды билесизби? Сиздер үчүн кичинекей болсо дагы дүйнөдөгү эң бай аталган балдардын тизмегин сунуштайбыз.

Мулай Эль Хассан ханзада, 14 жаш, 2,5 млрд доллар

Марокко падышасы Мохамед VI жана Сальма канайымдын уулу Хасан ханзада жакында 14к толду. Анын менчигинде 2,5 миллиард доллар жана 60 пайыз акция бар.

Георг Александр Луи, 3 жаш, 1 млрд доллар

Үч жашатагы мураскер Георг чоңойгондо тактын ээлеп гана койбой, бир миллиард доллар турган активдерге да башчылык кылат. Болочокто монарх болуудан баш тартса да, ал өзүнө тиешелүү үлүштөн кур калбайт. Себеби, мамлекеттик казынада анын 400 миллион евросу болот.

Сури Круз, 11 жаш, 270 миллион доллар

Белгилүү актер Том Круз менен анын мурдагы жубайы Кэти Холмстун кызы Сури ата-энесинен кымбат кийинет. Анын бир саркеч кийиминин өзү 3 миллион долларга чейин жетет. Суринин гардеробунда “Marc Jacobs”, “Chloe”, “Burberry”, “Juicy Couture” бренддеринин кийимдери бар.11 жаштагы Сури Круздун мүлкү 270 миллион доллар деп бааланат.

Нокс жана Вивьен Джоли Питт, 9 жаш, 67 миллион доллар

2008-жылы Бред Питт менен Анджелина Джолинин эгиздери төрөлгөндө наристелердин эң биринчи сүрөтү 14 миллион долларга сатылган. Вивьен менен Нокстун ата-энеси Голливуддун эң беделдүү жылдыздары болгондуктан, балдардын бул тизмекке илингени таңгалаарлык эмес.

Дэннилин Хоуп Биркхед-Маршалл, 10 жаш, 59 млн доллар

Сүрөттөгү кичинекей Дэнилинин жашоосу керемет деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Ал энесинен жана агасынан алты жашында айрылган. Анын энеси Анна Николь Смит 90-жылдардагы таанымал модельдердин бири болгон. Николь Смиттин 10 миллионго бааланган мүлкү мурас боюнча Дэниллинге берилген. Ошондой эле соттун чечими боюнча, Аннанын мурунку жолдошу магнат Говард Маршаллдын мүлкүнөн Дэниллинге 49 миллион доллар берилген.

Валентина Палома Пино, 11 жаш, 12 миллион доллар

Миллиардер Франсуа-Анри Пино менен актриса Сальма Хаектин сүйүктүү кызы бош убактысын өзүн-өзү өстүрүүгө арнайт. Ал үч тилде эркин сүйлөйт. Бош убактысын көбүнчө Сен-Бар аралында өткөрөт. Валентинага атасы Лос-Анджелестен 12 миллион доллар турган үйдү сатып алып берүү үчүн ай сайын кызынын эсебине 50 000 доллардан салып турган.

Изабелла Баррет, 9 жаш, 2 миллион доллар

Өз энесинен да бай Изабелла төрт жашка чыкканда "Наристелер жана таажы" деп аталган шоуга катышып, атактуулукка жеткен. Ал эми алты жашында кийим жана зер буюмдарын “Изабелла” деген ат менен балдар үчүн чыгара баштаган. Ал чоң кишилер менен тең тайлашып иштеп, чоң энеси жана апасын толугу менен багып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!