Жасалма интеллект коркунуч алып келеби?

27-Июль 2017, Бейшемби

Технология өнүккөн заманда дүйнөнүн эки көрүнүктүү ишмеринин талкуусу элдин назарында. Бир тарапта “Тесла” жана “Spacex” компанияларын негиздөөчүсү Илон Маск болсо, экинчи тарапта “Facebook” баарлашуу тармагынын башчысы Марк Цукерберг бар.

Цукерберг жасалма интеллект келечекте жашоону жакшы жакка өзгөртөрүнө ишенет.

Ал жасалма акыл адамзаттын өнүктүрүүсүнө байланышкан Илон Масктын билдирүүсүн "жоопкерчиликсиз" деп сыпаттады. Бул тууралуу “Facebook Live” уктуруусунда ишкер тарабынан айтылганын “CNBC” телеканалы билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири Маскдын билдирүүсү боюнча Цукербергдин оюн сураганда “Жасалма интеллект келечекте жашообузду жакшы нукка өзгөртөт, ал эми акыр заман тууралуу сөз кылуу туура эмес”,-деген Цукерберг.

Эскерте кетсек, буга чейин 2017-жылы “Tesla” компаниясынын башкы директору Илон Маск жасалма интеллект “цивилизация катары адамзат туш болчу эң чоң коркунуч” деп атаган.

“Жасалма интеллект - адамзат үчүн негизги тобокелчилик. ", -деген Маск. Бул тармакка же жасалма интеллекти тескөөчү мамлекеттик көзөмөл кажет деген оюн айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!