Ирак акчаны кайтарып алды

4-Авг. 2017, Жума

Багдат бийлиги төңкөрүлгөн лидер Саддам Хусейндин мезгилинен калган 131 миллион долларын Бириккен улуттар уюмунан (БУУ) кайтарып алды.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмед Жемалдын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө БУУ тарабынан камакка алынган 131 миллион доллар 6 жылдык пайызы менен кайтарылып алынганы белгиленген. Ошондой эле Ирак узак убаракерчиликтерден кийин БУУнун баш катчысы менен өткөргөн сүйлөшүүлөр жыйынтыгын бергени маалымдалган.

Төңкөрүлгөн лидер Саддам Хусейн 1990-жылы 2-августта Кувейтти оккупациялагандан кийин эл аралык коомчулуктун талабы менен БУУ тарабынан Ирака эмбарго киргизилген. Эмбарголор күчүнө киргенден кийин БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирака белгилүү бир өлчөмдө мунай экспорттоого уруксат берген. Анын ордуна азык-түлүк жана дары алууга шарт түзүлгөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!