Төөлөрдүн айынан темир кендери жабылды

11-Авг. 2017, Жума

Кытай жоголуп бара жаткан эки өркөчтүү төөлөрдүн түрүн сактап калуу максатында Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы 145 алтын жана темир кендерин жапканы турат. Бул тууралуу жума, 11-августа “China Daily” гезити жазды.

Буга байланыштуу учурда 130 кен өзүнүн ишин токтотсо, дагы он беши лицензиясы аяктаганча иштейт.

Кытай бийлиги 2020-жылга карата сейрек кездешүүчү жаныбарлар жүргөн Лобнор жаратылыш коругу жайгашкан аймактардагы кендердин ишин токтотууну тапшырды. Жергиликтүү бийлик ишканаларга каражат жумшоону токтотууну эскерткен.

Ошол эле мезгилде бир катар ишканалар бул аймактардагы кендерге бир нече миллиондук инвестиция салганы белгилүү болгон.

60 миң квадрат чакырымга созулган Лобнор жаратылыш коругу 1986-жылы негизделген. Бул жерди 600 эки өркөчтүү жапайы төөлөр байырлайт. Мындай көрсөткүч дүйнөдөгү бул түрдөнгү жаныбарлардын 60 пайызын түзөт. Ошондой эле эки өркөчтүү төөлөр жоголуп бара жаткандыктан чоң пандалардан да көбүрөөк коргоого муктаж экени эскертилип келет.

Ага кошумча окумуштуулар кендердин тынбай иштеп жатканы коруктагы экологиялык абалды эле бузбастан фауна менен флорага таасир белгилешкен.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!