2016: акыркы 137 жылдагы эң ысык жыл болду

11-Авг. 2017, Жума

2016-жыл эң жылуу жыл болгонун Американын метеорологиялык коомчулугунун окумуштуулары аныктаган. Мындай тыянагын илимпоздор Жердеги глобалдык климаттын абалы тууралуу баяндамада жазышкан.

“Климаттын абалы боюнча жыл сайын жарыяланып туруучу баяндаманын жыйырма жетинчиси жарык көрдү. Анда 2016-жыл 137 жыл аралыгындагы эң ысык жыл болгону белгилүү болду”,-деп жазылган.

Доклад 60 өлкөдөн 450 окумуштуунун катышуусунда даярдалды. Анда кургактыктын жана океандын бетинин температурасы, деңиз деңгээли, парник газдарынын атмосферага таралышы эске алынган.

Буга чейин АКШ Климат боюнча Париж макулдашуусунан чыгарын эскерткен. Өлкөнүн президенти Дональд Трамп бул чечимди ишкерликке жана салык төлөөчүлөргө ыңгайсыздык жаратканы менен түшүндүргөн.

Париж макулдашуусу 2015-жылы кабыл алынган. Ага 195 өлкөнүн өкүлдөрү кол койгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!