Ливиянын экс-премьер-министри уурдалды

14-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Белгисиз адамдар Триполиде Ливиянын мурдагы премьер-министри Али Зейданды уурдаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазган. Куралчан адамдарган турган топ 14-августка караган түнү шаардын борборундагы экс-премьер жайгашкан мейманканадан аны белгисиз жакка алып кеткен.

Бул саясатчыны алып качкан биринчи окуя эмес. 2013-жылдын октябрь айында Зейданды ливиялык революционерлердин ыкчам тобунун жоокерлери алып кеткен. Кийин прокуратуранын ордеринин негизинде болгону такталган соң өкмөт башчыны бир нече сааттан кийин кое беришкен.

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи өлтүрүлгөн 2011-жылдан бери өлкөдө ички жаңжалдар көп кайталанат.

2012-жылы жалпы элдик добуш берүүдө Жалпы улуттук кеңеш шайланып, Али Зейдан премьер-министрликке дайындалган. Учурда өлкөдө үч жетектөөчү түзүм иш алып барууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!