Өзөктүк согуштун кесепеттери чагылдырылды

16-Авг. 2017, Шаршемби

Маалыматтарды элестүү чагылдыруу боюнча америкалык адис Нейл Хэллоран “Иллюзорный мир” аттуу кыска метраждуу фильмин жарыялады. Анда өзөктүк согуштун кесепеттерине баа берилген.

Тасма демографиялык маалыматтарды көрсөтүү менен башталат. Автор Жерде көптөгөн адамдар төрөлгөнүн, көз жумганы, ошондой эле эки дүйнөлүк согуш тууралуу көрсөткүчтөр камтылган.

Дүйнөлүк согуштардан улам өлүмдүн саны көбөйгөнү чагылдырылган тасмада өзөктүк соккулардын кесепеттери андан да оор болору маалымдалган.

Үчүнчү дүйнөлүк согуштун курмандыктарынын санын эсептөөдө Нейл Хэллоран Хиросима жана Нагасакиге ташталган атомдук бомбанын зыянын эске алган. Андан тышкары тасмада АКШ, Россия жана башка мамлекеттердин өзөктүк дүрмөтбаштарынын күчү белгиленген.

Мына ушундай маалыматтарга токтолгон автор Жерде өзөктүк сокку болсо бир жуманын ичинде 500 миллионго жакын адам көз жумарын, андыктан өзөктүк куралдарды жайылтууга тыюу салуу зарылдыгын кошумчалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!