Королева тактыдан кетеби?

17-Авг. 2017, Бейшемби

Англияда Королдун үй-бүлөсүндө өнүгүүлөр кызуу жүрүп жатат. Өлкөнүн маалымат каражаттары ишенимдүү булактарга таянып, Букингем сарайында 91 жаштагы Королева Елизавета кызматынан кетүүнү чечкенин жазышкан.

Бул боюнча расмий билдирүү жарыялана элек. Бирок Елизавета жакын чөйрөсүнө “Эгер 95 жашка чейин тактыда калсам “Regency Act” аттуу королдуктун мыйзамын күчүнө киргизгим келет” дегени бар. Эгерде бул мыйзам иштеп калса 68 жаштагы принц Чарльз тактыга отурат. “Regency Act” аталышындагы мыйзам Королева тирүү турганда улуу уулуна тактынын жолун ачат.

Англиядагы окумдуу “Daily Express” гезитине маек берген королдуктун үй-бүлөсү боюнча адис Роберт Жобсон “Жогорку кызматтагы жетекчилер мага өзгөрүүлөр боюнча даярдыктар башталганын айтты. Андыктан Чарльздын тактыга келиши мүмкүн”,-деди.

Өткөндөрдө Англиянын басылмалары тактыны уулуна таштабаганы үчүн айрым катмарларда королева сынга кабылган. Жакынкы мезгилде королдуктун үй-бүлөсүнө жакын булактар 1952-жылы атасы Георг VIнын өлүмүнөн кийин тактыга отурган Королеванын Чарльздын принцесса Дианадан кийинки жубайы Камилланы бекитпегенине байланыштуу кептерди тараткан.

Эгерде Чарльз тактыга келсе өлкөдө тактыга отурган эң улгайган король болот. Бирок Чарльз ордун өткөрүп бериши да мүмкүн. Эгер андай болсо улуу уулу принц Уильям тактыга отурары күтүлөт. Бирок бул кептер тууралуу расмий билдирүүлөр келе элек.

АНГЛИЯДА 69 ЖЫЛДАН КИЙИН КОРОЛДУК БОЛОТ

Regency Act мыйзамы күчүнө кирсе 1952-жылдан бери тактыда отурган Королева Елизавета милдетин уулу принц Чарльзга өткөрүп берет жана 69 жылдан кийин расмий “королдук” болот. Королева Елизаветадан мурда бул кызматты 1837-1901-жылдар аралыгында принцесса Виктория аркалаган. Азыркы мезгилде Англиянын маанилүү маданий борборлорунан Виктория жана Альберт музейи, Илим музейи, Альберт-Холл сыяктуу жайларды курган Виктория тууралуу тарых китептери “жолдошу Альберт тарабынан башкарылган” деп жазып чыгышкан.

Бириккен королдук, Канада, Австралия жана Жаңы Зеландиянын королевасы Елизавета англиялыктардын улуттар коомчулугунун лидери болуп саналат. Эгерде Королева 4 жылдан кийин же 2021-жылы кызматынан кетсе уулу принц Чарльз Англиянын 69 жылдан кийинки королу катары тактыга отурат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!