Марк Цукерберг эки айга эс алууга кетет

19-Авг. 2017, Ишемби

“Facebook” тармагын негиздеген Марк Цукерберг экинчи кызы төрөлгөнү жатканына байланыштуу эки айга өргүүгө кетет.

“Биздин экинчи кызыбыз жакында жарыкка келет. Мен кайрадан эки айга эмгек өргүүсүнө чыгууну пландап жатам”, - деп жазган Цукерберг “Facebook” тармагындагы баракчасына.

Ал компаниянын кызматкерлерине мындай шарттарда төрт ай эмгек өргүүсү берилерин айтты. “Бир ай жубайым Присцилла жана кыздарым менен болом. Кийин декабрда да алар менен бирге өткөрөм”,-деген Цукерберг изилдөөлөргө ылайык атасы балдары ымыркай кезинде көбүрөөк көңүл бурса бул үй-бүлө үчүн келечекте пайдалуу болорун кошумчалады.

“Кайра кайтып келгенимде кеңсе эч жакка кетип калбасына толугу менен ишенем”,-деген тамаша сөздөрүн айткан ишкер.

Цукерберг жана Присцилла Чан 14 жыл мурда Гарвард университетинде окуп жүргөндө таанышкан. 2012-жылы жазында үлпөт тоюн өткөрүшсө, 2015-жылы Макс аттуу кыздуу болушкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!