​21-августа күн тутулат

19-Авг. 2017, Ишемби

Үстүбүздөгү жылдын 21-августунда тарыхтагы эң узакка созулган күндүн тутулуусу күтүлөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.

Маалыматка караганда күндүн тутулуусу 1,5 саатка созулат. Акыркы 40 жыл ичинде биринчи жолу АКШнын 6 ири шаарынын жана 14 шататынын жашоочулары көрө алат.

Күндүн тутулуусу Нью-Йорк сааты боюнча 11:45 те башталат. Күн чыгыштан Тынч океанынан башталып Гавай аралдарынын түштүгүнөн өтүп 15:00дө Атлантика океанында аяктайт.

Бул кубулушту жер жүзүнүн жашоочуларынын баары көрө алат. Мындай шартты АКШнын космостук NASA уюму “Stream” онлайн-видео-платформасы менен биргеликте 57 аэростаттын жардамы менен күндүн толук тутулуусун чагылдырып берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!