Жашоого ыңгайлуу жана ыңгайсыз шаарлар аныкталды

19-Авг. 2017, Ишемби

Англиядагы “The Economist” журналын чыгарган экономикалык анализдерди жүргүзгөн көз карандысыз “Economist Intelligence Unit (EIU)” аттуу мекеме дүйнөдөгү жашоого ыңгайлуу шаарларды аныктады. Жарышта бул жылы да Австралиянын Мельбурн шаары биринчиликти алды. Жети жолуу удаа биринчиликке жетишкен шаар 100 упайлык көрсөткүчтө 97,5 балл алган.

Кийинки орундарга Австриянын Вена, Канаданын Ванкувер, Торонто жана Калгари шаарлары ээ болду. Австралиянын Аделаида жана Перт, Жаңы Зеландиянын Окленд жана Финляндиянын Хельсинки калааларынан кийинки онунчу кезекке Германиянын Гамбург шаары илинди.

Иликтөөдө жашоого ыңгайсыз шаарлар да алынган. Алардын тизмесинде Сириянын борбору Дамаск 30,2 балл менен 140-орунга жазылып, дүйнөдөгү жашоо шарты оор шаардын катарын толуктады. Ага чейинки орундарга 47,8 упай менен Украинанын Киев, Камерундун Дуала, 42,6 упай менен Зимбавьенин Хараре, 40,9 упай менен Пакистандын Карачи калаасы илинди.

Ал эми террордук аракеттер көп катталып, кеңири жайылган, куралдуу жаңжалдар көп катталган мамлекеттердин арасына Ирак, Ливия, Сирия жана Түркия кирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!