Меккеге апийим алып баргысы келген

19-Авг. 2017, Ишемби

Өзбекстандык Шамши Ахроров Самаркандан Меккеге апийим жана валюталарды алып кетүүгө аракеттенген.

Ажылыкка бара жаткан адам ыйык ибадатnарды кылуунун ордуна Сауд Аравиянын аймагына мыйзамсыз жол менен баңгизатын жана чет элдик валюталарды алып барууну көздөгөндүгүн “Узбекистан24” телеканалы кабарлады.

Самарканд аэропортунун бажы кызматкерлери текшерүү учурунда ажылыкка талапкердин жанынан 72 грамм апийим жана 5722 АКШ доллары жана башка мамлекеттердин акчаларын тапкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!