Мугалимдер жана дарыгерлер пахта тербейт

24-Авг. 2017, Бейшемби

2017-жылы Өзбекстан өкмөтү жаштар, жашы жете электер, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында кызматкерлер пахта терүүгө тартылбай тургандыгын билдирди. Бул туурасында Ишке орноштуруу жана эмгек министринин орун басары Эркин Мухитдинов АКШнын Сенатынын эл аралык мамилелер комитетинин делегациясы менен жолугушууда айтты.

Бул боюнча Эмгек министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Мухитдинов өткөн жылдагы түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында коомчулук азыр эмгек мамилелеринде тыюу салынган тажрыйбаларды жакшы өздөштүрүшкөнүн баса белгилеген.


АКШдан келген делегация менен жолугушуу 15-августта Өзбекстан Республикасынын Ишке орноштуруу жана эмгек министрлигине караштуу Адам сатуунун курмандыктарын коргоо, көмөк көрсөтүү реабилитациялык борборунда өткөн. Ага бир катар министрликтердин, уюм, мекемелердин өкүлдөрү катышкан. Жолугушуунун максаты балдардын эмгегин пайдаланбоо, адам сатуу жана эмгек миграция тармагында реформалар менен таанышуу болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!