Эстония санариптик акчага өтөт

25-Авг. 2017, Жума

Эстония дүйнөдө биринчилерден болуп санариптик “Estcoin” акча бирдигин түзүүгө киришти.

Кайсы бир борбордук банкка жана бийликке көз каранды кылбаганы “Bitcoin” жана “Ethereum” сыяктуу крипто акчалардын эң жакшы жактары экени белгилүү. Анткен менен санариптик акчаларды сунуштаган технологиялардагы ийгиликтер банк жана өкмөттөрдүн көзүнө илинген сыяктуу.

Июнь айында Россиянын президенти Владимир Путин “Ethereum” платформасын негиздеген Виталик Бутерин менен сүйлөшүп, Россиянын технологиялык ишканалары менен орток долбоор өнүктүрүүнү сунуштаган. Путин санариптик акчаларды колдой тургандыгын оозеки түрүндө билдиргенине карабастан Россияда бул боюнча расмий иштер баштала элек.
ЖАҢЫЛЫК КАТАРЫ АЙТЫЛУУДА
Крипто акчаны өнүктүрүүгө алгачкы расмий кадамды Эстония жасады. Өзү чакан мамлекет болгонуна карабастан технология тармагындагы аракеттери менен белгилүү. Эстония өкмөтү курган онлайн-резидентства (e-Residency) системасы башкаларга мисал катары көрсөтүлүп келет. Аталган системага мүчө болгондор Эстония өкмөтү сунган электрондук кызматтардан өлкөнүн жараны болбосо да пайдалана алат. Ошондой эле бул система Эстонияга барбастан, ЕБде ишкана ачууга шарт түзөт.

ВИТАЛИК БУТЕРИН КЕҢЕШЧИ БОЛДУ
Эстониянын онлайн-резидентства программасынын директору Каспар Корьюс санариптик акчанын наркын белгилүү боюнча иштер башталгандыгын айткан. Ал эми өлкөнүн өкмөтү “Estcoin” деген аталыштагы санариптик акчага суроо-талап боюнча технологиялык ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул боюнча долбоорго Виталик Бутерин кеңешчилик кылары белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!