Макрон 3 айда бетине 26 миң евро жумшаган

26-Авг. 2017, Ишемби

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 3 айдын ичинде бетин күтүү процедурасы үчүн 26 миң евро төлөгөн. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты кабарлады.

“Кандай гана учур болбосун жагымдуу болуп көрүнүү маанилүү, бирок кымбат, Макрон болсо ушуну көрсөтүп жатат”,-деп жазылган “Closer” басылмасында. Журналисттер мемлекет башчысынын чыгымдарын көрсөтүп 10 миң евро жана 16 миң евро болгон эки эсеп чотун табышкан. Наташа аттуу косметологу шайлоо учурунда да Макрон менен бирге жумуш иштеген.

Макрондун алдында президент болгон Франсуа Олланд өзүнүн чеберине 6 миң евро төлөгөн экен.

Ошону менен бирге, басылма былтыр болгон окуяны да эске алып, президенттин чач тарачы айына 9895 евро алганын жазган. Бул акча франция өкмөт мүчөсүнүн маянасы менен тең – 9940 евро болуп саналат.

39 жаштагы Эммануэль Макрон президент болуп 2017-жылдын 14-май айында шайланган эле. Макрон – бешинчи республиканын тарихындагы эң жаш президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!