Азиада оту “Галкыныш” газ кенинде тутанат

26-Авг. 2017, Ишемби

7-сентябрда “Галкыныш” газ кенинде Азиаданын оту жандырылат. Бул боюнча маалымат “Хроника Туркменистана” агенттигине жарыяланды.

Андан кийин ал Ашхабадга Азиада иш-чарасынын ачылышына алынып келет. Бул боюнча 25-августта өткөн өкмөттүн жыйынында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов белгиледи.

7-сентябрда эртең менен өлкөнүн спортчулары менен жолугушуу уюштурулат. Ошол эле күнү Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрүнүн сертификаттары тапшырылары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ашхабаддагы Олимпиадалык шаарчадагы эки жай Гиннестин рекорддор китебине кирген. “Guinness World Records” компаниясынын өкүлдөрү борбордогу Олимпиадалык стадионго көрк берип турган жылкынын образын планетадагы жылкынын эң чоң архитектуралык символу деп тапкан. Ал эми олимпиада шаарчасындагы спорттун суудагы түрлөрү өтүүчү борборду дүйнөдөгү эң чоң жабык бассейн деп аташкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!