Бриджит Макрондун маеги окурманды көбөйттү

29-Авг. 2017, Шейшемби

"“Elle” журналынын жаңы номеринде Франциянын президентинин жубайы Бриджит Макрондун эксклюзив маеги жана сырткы кабындагы сүрөттү 10 жылдык сатуу рекордун жаңыртты”,-деп кабарлайт “Le Journal du Dimanche”.

Журналдын жаңы саны 18-август күнү чыгып, 10 күндүк сатылуу учурунда бүткүл дүйнө боюнча 530 миң экземпляр сатылып, ал эми интернетте биринчи айымдын маегин 30 млн адам окуган.

Маекте Бриджит Макрон өзүнүн азыркы Франциянын президенти менен болгон сүйүүсү тууралуу, Елисей сарайындагы биринчи күндөрүндөгү сезимдери менен бөлүшкөн. Мындан сырткары, ал Франциянын биринчи канайымы кандай жашоо кечирерин жана анын баардык кылган иши жолдошуна жардам берүү болуп саналаарын айтып берген.

Журналдын бул чыгарылышы Францияда гана эмес, АКШ жана Германия сыяктуу өлкөлөрдө да ийгиликтүү болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!