Ислам Каримовдун кызы ЮНЕСКОдон кетет

30-Авг. 2017, Шаршемби

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева 28-августа өлкөнүн ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү кызматынан кетерин билдирди.

“Reuters” агенттиги 39 жаштагы Лола Каримова-Тилляева убактысынын көбүн атасынын атындагы кайрымдуулук фонддун ишмердигине бөлөрүн жазды.

“Жакынкы мезгилде үй-бүлөмө, өз максаттарыма, Ислам Каримов атындагы фондго, чыгармачылык иштерге, кайрымдуулук жана маданий долбоорлорго көбүрөөк убакыт бөлөм. Андыктан элчилик ишимен баш тартууну чечтим”,-деген Самарканд шаарында өткөн Ислам маданияты боюнча конференцияда ал.

Ислам Каримовдун Лола жана Гульнара аттуу кыздары бар. 45 жаштагы Гульнара Каримова бир ай мурда Өзбекстандын башкы прокуратурасы тарабынан экономикалык оор кылмыштарга айыпталып, кайтарууга алынган.

“BBC” кызматына 2013-жылы берген маегинде Лола 14 жылдан бери улуу эжеси менен катышпай турганын айткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!