Дүйнөдөгү эң кары панда өлдү

15-Сен. 2017, Жума, 11:04

Фучжоу шаарындагы пандаларды изилдөөчү илимий борбордо жашаган 37 жаштагы Баси аттуу дүйнөдөгү эң чоң панда өлгөнүн өлкөнүн “CGTN” телеканалы кабарлаган. Баси бөйрөк оорусунан, боордун циррозунан жана башка оорулардан жабыркап жүргөн. 14-сентябрда Фучжоу шаарында аны менен коштошуу иш-чарасы болду. Бийлик жаныбардын денесин музейге сактоону туура көрдү.

Баси өзнүн бардык ак-кара курбуларына салыштырмалуу көп жашады. Пандалардын 37 жылы адамдын 100 жашына барабар.

Баси 1980-жылы Кытайдын Сычуань провинциясында туулган. 1984-жылы Баси суусунда муздун алдынан куткарылгандыктан ал ошол жердин атын алган жана Фучжоу шаарындагы корукка алынып келинген.

1987-жылы кара-ак аюуларды убактылуу башка мамлекеттерге берүү боюнча Кытайдын панда-дипломатия саясатына Баси да катышкан. Анын алкагында жарым жылга Американын Сан-Диего шаарындагы зоопаркта жашап келген.

Пекинде өткөн XI Азия оюндарынын эн белгисине элеси түшүрүлгөн панда башка дагы бир нече иш-чараларга катышкан.

Кытайдын символу болгон чоң пандалар ар дайым мамлекеттин көзөмөлүндө. Бийликтин көптөгөн аракеттеринен кийин жаныбарлардын бул түрү эми жоголуп бара жаткандардын катарынан чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!