Түндүк Корея дагы бир ракетасын учурду

15-Сен. 2017, Жума, 12:34

Түштүк Корея жана Япония өкмөтү Түндүк Корея Япониянын үстүнөн ракета учурганын билдирди. Бул тууралуу “Би-би-си” кызматы кабарлаган.

Бул ирет учурулган ракета 29-августа кое берилген түзүмгө караганда алыска же 770 чакырым бийиктикте, 3700 чакырым алыстыкка жеткенин түштүк кореялык аскерлер кабарлаган. Ошондой эле аскерлер ракета Пхеньяндан жума, 15-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 7.00дө кое берилгенин, Тынч океанга түшөөрдөн мурда Япониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн өткөнүн кошумчалашкан.

Ал эми байкоочулар жаңы ракета жетишээрлик алыска же Пхеньяндан 3400 чакырым аралыкта жайгашкан Тынч океандагы Гуам аралына жакындаганын билдирген.

Сыноо Түндүк Кореянын аракеттерине байланыштуу санкциялар киргизилгенден бир нече күн өткөндө болду. Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши президенттик сарайда кезексиз жыйынга чогулду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!