Метродо жарылуу болду

15-Сен. 2017, Жума, 15:23

Лондондун түштүк-батышындагы метронун “Парсонс-Грин” станциясында жарылуу болгонун жергиликтүү “Metro” гезити жазып чыккан. Андагы маалыматтарга караганда окуяда бир нече адам жабыркаган. Шаардын полициясы Лондондун метросундагы окуяны тастыктады.

“Би-би-си” кызматы күбөлөрдүн айткандарына, шилтеме берип жазгандарына караганда алар жарылуунун үнүн угушкан. Андан соң жалын көрүшкөн.

Дагы бир аял жаракат алган, беттери күйгөн бир нече адамдарды көргөнүн, вагондордо башаламандыктар башталганын айткан.

Күбөлөрдөн дагы бирөө вагондо контейнер жарылганын айткан. Ал эми бир жүргүнчүнүн социалдык тармактарга жарыялаган фотодон каалганын жанында желим баштыкка салынган ак чаканын ичинен бир нерсе күйүп жатканын көрүүгө болот.

Окуя болгон жерге тез жардам унаалары жөнөтүлгөн. Полиция иликтөө иштерин жүргүзүү максатында станцияны курчаган.

Окуя катталган Парсонс-грин көптөөн чет элдиктер, студенттер жана бай эмес адамдар жашаган тынч район болуп саналат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!