Ири ишкана банкротко учурады

19-Сен. 2017, Шейшемби, 15:40

Оюнчуктары менен белгилүү “Toys R Us” компаниясы банкротко учураганын расмий түрдө жарыялады. Дүйнө жүзүндө 1600 дүкөнү бар легендарлуу ишкананын 5 миллиард доллар карызы болгон.

“Wall Street Journal” гезити өткөн жумаларда аталган ишкана келерки күндөрдө банкрот болгонун жарыяларын жазган.

Банкрот тууралуу кайрылуудан кийин компания бул жылдын соңунда төлөнүшү зарыл болгон 400 миллион доллар, 2018-жылдын аягында төлөнө турган 1.8 миллиард доллар жана 2019-жылдын аягына калтырылган 1.9 миллиард долларлык карыздарын кайрадан карап чыгат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!