Муздар эрисе эмне болот?

28-Сен. 2017, Бейшемби, 17:16

Дүйнөдөгү бардык муздар эрисе континенттерде эмне болорун ойлоп көрөлү. Эгер андай болсо калктын көп бөлүгү жашаган Азия континентинде айрым жерлер сууда каларын окумуштуулар болжолдошууда.

Жыл сайын аба ырайы ысык болуп, уюлдук аймактардагы муздардын эришине себеп болууда. Мындай көрүнүштөр дүйнөдө түрдүү көйгөйлөрдү жаратары белгилүү. Ириде океандардын деңгээли көтөрүлсө суулуу жерлерге жайгашкан сансыз мамлекеттерге олуттуу көйгөйлөр жаралат. Андай маселелер деңиз эмес, океандын жээгиндеги өлкөлөргө таасирин тийгизет.

Изилдөөлөргө ылайык дүйнөдөгү бардык муздар эрисе океандын суулары 65 метрге көтөрүлөт. Андай болсо Азия үчүн кыйынчылыктар жаралып, Кытай жана Бангладешке таасири тийет. Учурда 600 миллион калк жашаган Шанхай жана Пекин шаарлары суу астында калат. Ал эми Түштүк Чыгыш Азиядагы аралдар Бангкок, Хошимин, Сингапур, Манила жана Гонконгдун бир бөлүгүн суу каптайт. Индия тарапта Мумбаи, Калькутта 163 миллион адам жашаган Бангладеш сууда калары болжолдонууда.

Окумуштуулар жалпысынан мындай апааттан көп адамды батырган Азия жабыркарын белгилеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!