“Терминатор 6”: Башкы ролду ким аткарат?

30-Сен. 2017, Ишемби, 14:15

Арнольд Шварценеггер «Терминатор» фильминин 6-чыгарышына катыша турганын тастыктады. 2018-жылы жаз айларында тасманы тартуу иштери башталат. Бул франшизаны кайра ишке кошот деген божомол бар.

Долбоордун биринчи эки «Терминаторлордун» автору Джеймс Кэмерон режиссерлук пульту башкарат.

Арнольд Шварценеггер өз сөзүндө:

«2018-жылдын март айында мен «Терминатор-6» тасмасына тартылуу иштерине катышам. Режиссер Джеймс Кэмерон менен продюсер Дэвид Элиссон да кайтып келишет”,-деди.

Кэмерон алтынчы бөлүмдө Шварценеггердин киборг ролун аткарбастыгын, бирок адамдын - Терминатордун прототибин аткара турганын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!