Чет жерде жашагысы келгендерге эң арзан 13 өлкө

3-Окт. 2017, Шейшемби, 11:11

Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрүн издеп, жеңил жашоо куруу үчүн чет өлкөгө кетүүнү эңсешет. “InterNations” аттуу компания элинен сырткары жашаган 14 миң 300 жарандын катышуусунда изилдөөлөрдү жүргүзүп, 2017-жылы жашоого арзан жана жумуш мүмкүнчүлүгү көп өлкөлөрдү аныктаган.

Иликтөө өлкөлөрүнөн сырткары жашаган 174 түрдүү улуттун, 191 түрдүү мамлекеттин жарандарынын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгы менен даярдалган индекске 67 өлкө кошулган. Бул мамлекеттердин ар бирөөнө жооп бере алгыдай катышуучунун саны аз дегенде 50 болушу шарт эле. Ага ылайык төмөндөгүчө тизме түзүлдү.

13. Румыния

Айлык акылары жана салыктагы жеңилдиктер өлкө ичинде кыймылды арттырган өзгөчөлүктөрдөн. Бул абал өз жарандары жана мигранттар үчүн жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.

12. Испания

Өзгөчө Мадрид, Барселона жана Валенсия шаарларында иштегенге мүмкүнчүлүктөр көп. Ал эми ага төлөнгөн маяналарынын өлчөмү жагынан жалпы Батыш Европа боюнча теңдешсиз. Анын үстүнө Испанияда мейманкана, азык-түлүк жана байланыш баалары арзан. Өлкөнүн таза абасы адамдарды өзүнө тартып турат.

11. Мальта

Өлкөгө баа бергендердин бирөө да каржылык абалына нааразы болбогону тизмеде алдыңкы орундарга жазылуусуна себепчи.

10. Польша

Иш мүмкүнчүлүктөрүн түзгөн Варшава сыяктуу шаарлар Польшаны алдыңкы орундарга жеткирди. Бул калааларда жашоо Лондон, Париж жана Франкфурттан төмөн болгондуктан ал жакка жайгашууну каалагандарга жагат.

9. Филипиндер

Конок күтүү жагынан дүйнөдөгү эң арзан мамлекет. Бул жагынан мыкты делген Таиландга караганда ижара акылары жарым баага арзан.

8. Чехия

Борбору Прагага жашай турган болсо жашоо башка аймактарына салыштырмалуу кымбат. Бирок Европанын башка мамлекеттерине караганда бир топ арзан жана иш тез табылат.

7. Эквадор

Барган коноктордун бирөө да жашоонун кымбаттыгынын айтып арызданган эмес.

6. Венгрия

Аталган өлкөгө жайгашкан адамдардын 30 пайызы каржылык абалына толугу менен ыраазы.

5. Мексика

Өлкөдөгү бир топ шаарлар дүйнөдөгү эң арзан жашоо шартын түзүп берет. Жыл сайын миллиондогон туристтер зыярат кылат.

4. Вьетнам

Меймандарды кабыл алуу жана азык түлүккө болгон баалары жагынан дүйнөдөгү эң арзан өлкөлөдүн бири Вьетнам жаңы жашоо баштоого ыңгайлуу.

3. Тайвань

Иликтөөгө катышкандардын 83 пайызы бул мамлекетте жашоо арзан экенин айтышкан. 96 пайызы тапкан акчалары бардык керектөөлөрүнө жеткенин белгилеген.

2. Таиланд

Өлкөдө азык-түлүк, транспорт жана мейман күтүү жайларынын баасы ыңгайлуу болгондугу Таиландды тизмеде экинчи орунду багындырууга түрткү берди.

1. Украина

Чыгыш Европанын өлкөсү болгон Украинада жашаган иликтөөнүн катышуучуларынын 45 пайызы жашоо арзан экенин белгилеген. Бул көрсөткүч дүйнөдө орточо 14 пайыз экенин эске алганда жогорку жетишкендик катары эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!