Меланья Трампка окшошкусу келип

4-Окт. 2017, Шаршемби, 17:34

АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарынын тургуну 42 жаштагы Клаудия Сьерра Дональд Трамптын жубайы Меланья Трампка окшошуу үчүн эстетикалык операцияларды жасатты. Ал үчүн 37 миң стерлинг жумшаган.

Ага рак оорусун жеңгенден кийин таанышкан адамынын өз жашынан улуу көрүнөрүн айтканы түрткү болгон.

Кабарларга ылайык ал мурдунун чоңдугу, чачтары жана терисинин түсүнөн улам 7 жашынан бери шылдыңга алынып келген. “Быйыл бир адамга жолуктум. Ал айдоочулук күбөлүгүмү сурады. Берсем өз жашымдан улуу көрүнөрүмдү айтты. Бул сөз да мага катуу тийди ушундай кадамга барууга түрткү болду”,-деген ал.

“Менимче биринчи айым экөөбүз бири-бирибизге абдан окшошпуз. Ал күчтүү аял. Башкалар да менден ошондой сапаттарды көрүшүн каалайм. Мектепте мени шылдыңдагандар көрсө жактырып калмак”,-деген ал.

Сьеррага операция жасаган дарыгер Франклин буга чейин көбүнчө тасмалардагы каармандарга окшошууну каалагандар көп кайрылса, эми Дональд Трамптын жубайына жана кызы Иванкага окшошкусу келгендер көбөйгөнүн айтты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!