Дүйнөдө мунайдын баасы кымбаттады

10-Окт. 2017, Шейшемби, 12:31

Лондон жана Нью-Йорк биржаларындагы дүйшөнбү күнкү электрондук соода-саттыктын натыйжасы боюнча күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү. Лондондун “ICE Futures” биржасында декабрь айында жеткирүүчү “Brent” маркасындагы май фьючерстери бир баррелге 0,17 долларга чейин кымбаттап, 55,79 долларды түздү.

Нью-Йорк товар биржасында (NYMEX) WTI маркасындагы ноябрь айында жеткирилүүчү май фьючерстеринин бир баррели 0,29 долларга көтөрүлүп, 49,58 долларга жетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!