“Жди меня” берүүсү Биринчи каналдан алынды

11-Окт. 2017, Шаршемби, 11:31

“Жди меня” көрсөтүүсү “НТВ” каналынан чыгаарын телеберүүнүн продюсери жана “ВИDgital” телекомпаниясынын президенти Александр Любимов билдирген.

“20 жыл мурда жаңыдан иштелген долбоорго ишенип, аны колдоогону үчүн “Биринчи канал” жана анын продюсерлерине ыраазычылык билдирем”,-деген Любимов бул программа 200 миңден ашык адамды табууга себепчи болгонун эске салды.

“Биринчи каналдын” приоритети оюн-зоок көрсөтүүлөрүнө оогону байкалды. "Жди меня" көрсөтүүсүнүн башка федералдык каналга өтүшүнүн себеби ушул”,-деген жетекчи “НТВ” бүгүнкү күндүн талабына ылайык иш алып барарын жана “Жди меня” берүүсү үчүн жакшы аянтча экенин кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!