ЮНЕСКОдон АКШга удаа Израиль да чыкты

13-Окт. 2017, Жума, 14:37

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөсү Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунан (ЮНЕСКО) чыгарын билдирди.

Ал жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө Тышкы иштер министрлигине АКШнын чечимине параллелдүү түрдө ЮНЕСКОдон чыгуу боюнча даярдыктарды көрүүнүн тапшырганын белгиледи.

АКШнын ЮНЕСКОдон чыгуу чечимин “эр жүрөктүк жана этикалык” деп сыпаттаган Нетаньяху буга аталган уюмдун тарыхты коргогондун ордуна талкалаган абсурд театрга айланганы негиз болгонун билдирди.

Ал эми АКШнын Тышкы иштер министри уюмдун Израилге каршы мамилесинен жана түзүлүшүндө реформаларга муктаждыгынан улам чыкканын айткан.

Министрликтин билдирүүсүндө 2017-жылдын 12-октябрында Тышкы иштер министрлиги АКШнын ЮНЕСКОдон чыгарын жана анда туруктуу байкоочу статусунда болууну чечкенин аталган уюмдун Башкы директору Ирина Боковага жеткирген. Анда бул жеңил чечим болбогону, ЮНЕСКОдо Израилге каршы мамилелер уланып жатканы, реформалоого муктаждыктар АКШны тынчсыздандырары маалымдалган.

Россия каршы пикир жолдоду

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова АКШнын ЮНЕСКОдон чыгуу чечими бир топ маанилүү долбоордун бузулуусуна жол ачарын айтты.

ЮНЕСКОдон жооп

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) директору Ирина Бокова АКШнын уюмдан чыгуу чечимине “терең кайгырып” жатканын билдирди. Америка 2011-жылы ЮНЕСКОнун фонддорунда салымын токтотконуна карабастан бул мамлекет менен кызматташтыгын өнүктүргөндүгүн белгилеген Бокова жаңжалдар дүйнө коомчулуктарын бөлүп жаткан ушул мезгилде тынчтык үчүн билим берүүнү, жабыркаган жактардагы маданиятты коргогон БУУнун уюмунан чыгуу АКШ үчүн жарашпай турганын баса белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!