Кир жуучу машинадан 52 килограмдык жылан чыкты

13-Окт. 2017, Жума, 16:24

Кытайдын Гуандун провинциясынын тургуну өзүнүн кир жуучу машинасынан 52 килограмдык жылан (удава) тапканын “People's Daily, China” гезити жазды.

Аталган басылманын маалыматына караганда аял машинанын ичинен шыбырт уккан. Аны ачканда уктап жаткан жыланды көргөн.

Кийин аны "Жапайы жаныбарларды куткаруу жана реабилитациялоо" борборунун өкүлдөрү алып кеткен.

Уулу эмес жыландардын мындай түрү Кытайда коргоого алынган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР