“Samsung” компаниясынын жетекчиси кызматтан кетет

13-Окт. 2017, Жума, 17:12

Түштүк Кореядагы “Samsung Electronics” электроника өндүрүшүнүн директорлор кеңешинин вице-төрагасы Квон О Хюн компаниядан кетип жатканын жарыялаган. Бул тууралуу ишкананын пресс-релизинде жазылган.

Маалыматка караганда О Хюн өзүнүн мөөнөтү аяктай турган 2018-жылдын март айынан кийин кызматына кайрадан дайындалбай тургандыгын билдирген. “Мен көпкө ойлонуп кызматтан кетүүнү чечтим. Бул оңой чечим болгон жок. Биз болуп көрбөгөндөй кризиске туш болдук. Менимче компания бардыгын жаңыдан баштай турган мезгил келди”,-деген цитата жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

О Хюн компанияга 1985-жылы ишке алынса, 2012-жылы ишкананын жетекчиси болуп дайындалган.

“Samsung Electronics” - электроникаларды өндүрүүчү эл аралык компания болуп саналат. Андан телекоммуникациялык түзүмдөр, эс тутум чиптери, суюк кристаллдуу дисплейлер, уюлдук телефондор жана мониторлор чыгарылат. Штаб-квартирасы Сеулда жайгашкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!