Англияда “сүзгөн сарай” талкууга түштү

14-Окт. 2017, Ишемби, 13:02

Англияда королева Елизаветта 2 үчүн жасала турган 100 миллион стерлингдик яхта ысырапчылык же имидж экени талкууланууда.

“Daily Telegraph” гезитиндеги маалыматка караганда ханыша үчүн даярдалган 104 метрлик яхтага айрым министрлер макулдугун берди.

“Сүзгөн сарай” деп сыпатталган 34 жүргүнчүгө ылайыкталган кемеде ханышаны коргой турган моряктар менен бирге 125 экипаж кызмат кылат. Тик учак коно турган жайы жана 100 адам бата турган жыйындар залы бар. Ошондой эле 45 күн тынымсыз деңизде жүрүп, 6 миң мил жол баса алат.

Имиджби, ысырапбы?

Дизайны 1997-жылы бүтүрүлгөн яхта боюнча долбоор ошол мезгилдерде бийликке келген Жумушчу партиядан чыккан премьер-министр Тони Блэр тарабынан кийинкиге калтырылган.

Долбоор өткөн жылдын март айында кайрадан күн тартибине киргизилип, Тышкы иштер министри Борис Жонсондун колдоосуна татыды. Королеванын менчик яхтасынын “өлкөнүн жумшак күчүнө чоң салымы болорун” айткан министр бул иш мамлекеттин каражаты эмес, жеке ыктыярчылардан чогулган каржы менен жүзөгө ашырылса ылайыктуу болорун кошумчалаган.

Долбоорду колдогондор кеме Бириккен королдуктун Европа биримдигинен (ЕБ) бөлүнгөндөн (Brexit) кийин кайрадан колго алууну кыялданган “глобалдык Британия” имиджине кызмат кыларын белгилөөдө.

Ага жумшала турган 100 миллион стерлинг каалагандардан чогултула турган каражат экени айтылганына карабастан долбоорго каршы чыккандар буга ысырапкорчулук катары баа берүүдө.

Королева Елизаветта 44 жыл пайдаланган “Britannia” аттуу менчик яхтасы 1997-жылы пайдалануудан алынган. 968 мамлекетке иш-сапарына пайдаланган кеме 1 миллион миль жол баскан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!