Трамп буйрукка кол коюну унутту

14-Окт. 2017, Ишемби, 13:41

АКШнын президенти Дональд Трамп саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча буйрукка кол коюуга арналган иш-чарада документтин өзүнө кол койгонду унутуп залдан чыгып кете жаздады. Бул иш-чараны “CNN” телеканалы кабарлады.

Президентти вице-президент Майкл Пенс жана сенатор Ренд Пол токтотуп калган. Андан кийин Трамп күлгөн бойдон столго кайрылып келип, буйрукка кол койгон.

Буга чейин Дональд Трамп сенатор-республикачыларды Американын экс-лидери Барак Обаманын тушунда киргизилген “Obamacare” системасын жокко чыгаруу боюнча ойлорунан кайтпоого чакырган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!