Россия канча мамлекеттин карызын кечкен?

14-Окт. 2017, Ишемби, 15:52

Аталган мамлекет СССР тарагандан берки айрым өлкөлөрдөн ала турган карыздардан 151 миллиард долларын кечкен.

“Московский комсомолец” гезити батыш өлкөлөрү эч качан аласасынан кечпей турганын эске салып, тышкы саясатта болуп жаткан жоомарттык тууралуу маалымат жазган. Ага ылайык Россия карызын кечкен биринчи мамлекет Никарагуа. 1992-жылы Латын Америкасынын өлкөсүндө Совет мезгилинен калган 3,1 миллиард долларлык карызынын 2,6 миллиард долларлык бөлүгүн кечкен.
1996-жылы Анголанын 5 миллиард долларлык карызынын 3,5 миллиард долларынан баш тарткан.

2000-2003-жылдар аралыгында Африкадагы айрым мамлекеттерден 20 миллиард өлчөмүндөгү карызды алган эмес.

Россия 2000-жылы Вьетнамда аскерлерин жайгаштырууну каалагандыгы үчүнбү айтор аталган өлкөнүн 11 миллиард доллар карызынын 9,5 миллиард долларын кечкен.

Россия карызын кечкен айрым мамлекеттер төмөндөгүчө

Эфиопия - 3,8 миллиард доллар (2001), Монголия - 11,1 миллиард доллар (2003), Лаос - 1,3 миллиард доллар (2003), Никарагуа - 344 миллион доллар (2004), Ирак - 9,8 миллиард доллар (2004), Сирия - 9,8 миллиард доллар (2005), Эфиопия - 1,1 миллиард доллар (2005), Алжир - 4,7 миллард доллар (2006), Афганистан - 11,1 миллард доллар (2007), Ливия - 4,7 миллиард доллар (2008).

Россия 2010-жылы Түндүк Корея, Кыргызстан, Монголия жана Эфиопия сыяктуу мамлекеттердин бир канча миң доллар аласасынан баш тарткан. Алардын ичинен эң көбү Куба мамлекетинин карызын же 29 миллиард долларды кечкени белгилүү.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!