Бирге 70 жыл жашап, бир күндө көз жумушту

17-Окт. 2017, Шейшемби, 12:54

Улуу Британияда 70 жыл бирге өмүр сүргөн пенсиядагы жубайлар бир убакта кайтыш болушту. Бул тууралуу “The Telegraph” басылмасы маалымдады.

Басылманын маалыматы боюнча, алгач 93 жаштагы Уилф аттуу карыя көз жумса, ардан 4 мүнөт өткөндөн кийин анын 91 жаштагы аялы каза болгон. Ошентсе да экөө эки жакта болгон.

Карыялардын туугандары билдиргендей, улгайган карыя кемпирдин оорусу акыркы бир жылда күчөп кеткен. Керек болсо аны күйөөсү тааныбай калган даражага жеткен.

29-март күнү жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 06:50де Уилф Рассел кайтыш болгон. 4 мүнөттөн соң 5 чакырым алыстыкта ооруканада жаткан Вера Лестер көз жумган. Ал өзүнүн күйөөсүнүн кайтыш болгонун укпай кете берген.

«Мен чоң энемдин абалын сурап ооруканага барганда, ал көзүн ачаар замат чоң атамды сурады. Көз жумар алдындагы эң акыркы сөздөрү: «Биздин махаббатыбыз керемет болду, туурабы?”,- деп эсине түшүрдү карыялардын небереси.

Уилф Рассел Экинчи дүйнөлүк согуш ардагери. Ал ушундан бир нече жыл мурун психикалык жактан улам Лестершир графтыгындагы карылар үйүндө жашап келген. Ал эми анын аялы Вера Рассел ооруканада төшөктө жаткан.

Аял-күйөөсү ушудан 75 жыл мурун таанышып, Уилф Италияга кызматка кетерден мурда экөө никелерин кыйышкан. Андан кийин Уилф Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Түштүк Америкага аттанган. Алардын үч уулу, 5 небереси, 7 чөбөрөсү, ошондой эле 2 кыбырасы болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!