“Forbes” эң бай адамдардын тизмегин жарыялады

18-Окт. 2017, Шаршемби, 12:51

Билл Гейтс катары менен 24-жолу АКШнын эң бай адамы аталды. Бул тууралуу “РИА-Новости” агенттиги билдирет.

“Microsoft” корпорациясынын негиздөөчүсүнүн байлыгы 89 миллиард долларга жеткен. Андан кийинки орунда турган “Amazon” компаниясынын башчысы Жефф Безостун дөөлөтү 81,5 миллиард долларга бааланган. Ал эми үчүнчү катарда 78 миллиард доллары менен Уоррен Баффет орун алган.

Тизмеге кирген 289 ишкер бир жыл ичинде капиталын өстүрсө, 51 миллиардер артка кеткен. Алардын катарында АКШнын президенти да бар. Дональд Трамп мамлекет жетекчиси болгондон бери 600 миллион долларын жоготкон. Азыркы рейтингде ал 248-орунда. “Forbes” Америка лидеринин байлыгын 3,1 миллиард долларга баалаган.

Жалпысынан АКШнын эң бай адамдары бир жыл ичинде дагы да байый түшкөн. Алардын бардык дөөлөтү азырынча 2,7 триллион долларга жетти. Бул былтыркы жылга салыштырганда үч жүз миллиардка көп дегенди билдирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!