Борбордук банкка өрт коюп, алдынан сүрөткө түшкөн

18-Окт. 2017, Шаршемби, 13:46

Парижде жайгашкан Франциянын Борбордук банкына өрт койгон россиялык сүрөтчү Петр Павленский имараттын алдынан сүрөткө түшкөн.

Ал “Монархтардын ордун банкирлер ээледи. Францияда революциянын кайрадан жаралышы дүйнөнүн бардык жеринде төңкөрүштүн отун тутандырат” деген соң Франциянын Борбордук банкына өрт койгон. Жалындын алдында сүрөткө түшкөн Петр Павленскийди полиция камакка алган.

Сүрөтчү буга чейин Россияда Федералдык Коопсуздук күчүнүн имаратына өрт койгон. Ал кылымышы үчүн тергөө изоляторунда жети ай жаза өтөгөн.

2016-жылдын июнь айында Москвада Мещанский райондук соту сүрөтчүгө маданий мураска зыян келтирүү боюнча берененин негизинде миллион рубль айып пул салган.

Бул айыптоону жалган жалаа катары баалаган Петр Павленскийге май айында Франция баш паанек берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!