БУУ: Дүйнөдө көпчүлүк аялдардын төрөгөнгө шарты жок!

18-Окт. 2017, Шаршемби, 16:07

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Калк фонду 2017-жылда дүйнө калкынын абалы боюнча билдирүүсүн жарыялады. Анда жер жүзүндө аялдардын жарымы айлык акыга иштегендиги, эркектер тапкандын 77 пайызындай акы алары, беш аялдын үчөө төрөт мезгилинде декреттик өргүүгө чыга албай турганы жана көбү кош бойлуу болгону үчүн кысымга туш болору белгиленген. Мындай көрүнүштөр үй-бүлөнү пландоо мүмкүндүгүн чектерин, аялдын ден-соолугуна жана экономикалык көз карандысыздыкка да зыянын тийгизери белгиленген.

Баланы бактыруу сыяктуу кызматтардын жеткиликсиздиги аялдардын ишине тоскоолдук жаратары белгиленген рапортто “Декреттик өргүүнүн жоктугу, жумуш берүүчүлөрдүн кош бойлууларга карата мамилеси аялзатынын карьера жана үй-бүлөнүн ортосунда тандоо жүргүзүүгө аргасыз кылат”,-деп баса белгиленген. Ошондой эле “Өнүгүп жаткан өлкөлөрдө жыл сайын 89 миллион пландалбаган кош бойлуулук, 48 миллион бойдон алдыруу, 10 миллион бойдон түшүү жана 1 миллион ара төрөт болгон”,-деген сүйлөмдөр орун алган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!