Айда 50 чакырымдык үңкүр табылды

19-Окт. 2017, Бейшемби, 11:19

Япон илимпоздору Айдан 50 чакырымга созулган үңкүр тапты. Өлкөнүн Авиация жана космостук ачылыштар боюнча агенттиги (JAXA) жер астындагы үңкүрдү келечекте космонавтар база катары пайдаланарынан үмүттөнүүдө.

JAXAнын Айдагы “Коюга” спутниги топтогон маалыматтардын негизинде “Marius Hills” тобу жер астындагы үңкүр 100 метр кеңдикте экенин аныктады.

“Каюга” спутниги алгач кеңдиги 50 метр тешик тапканын белгилеген агенттик Айдын бетиндеги радио толкундардын жардамы менен жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында үңкүр лавадан пайда болгон деген бүтүмгө келишкен. Ошондой эле анын түбүндөгү жарчаларда муз жана суу болушу мүмкүн экени болжолдонууда.

3,5 миллиард жыл мурда лавалардан пайда болгону белгиленген жайга космос базасы курулса космонавтар күндөн келген радиациядан жана космостук нурлардан коргонууга мүмкүнчүлүк табылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!