Интернет сатыгы 2027-жылы 1 триллион долларга жетет

19-Окт. 2017, Бейшемби, 12:37

АКШда Интернет аркылуу жүргүзүлгөн соода сатыктар 2020-жылы 600 миллиард долларга, 2027-жылы 1 триллион долларга жетери болжолдонууда.

Аталган өлкөдөгү Ишкер дүйнөсү боюнча иш алып барган “FTI Consulting” борборунун билдирүүсүндө АКШда Интернет аркылуу жүргүзүлгөн сатык жалпысынан бул жылы 445 миллиард долларга жеткени белгиленген.

Элинин 90 пайызы Интернет аркылуу соода кылат

Билдирүүдө америкалыктардын 43 пайызы айына аз дегенде бир нече ирет Интернет аркылуу соода сатык кылары маалымдалган. Ошондой эле жакынкы келечекте АКШ элинин 90 пайызы сооданын мындай түрүн тандаары белгиленген.

Андан сырткары рапортто АКШда 750 миллиард долларлык азык-түлүк тармагында Интернет сатыгынын 2 пайыздык үлүшү бар экени, 2027-жылы бул көрсөткүч 19 пайызга жеткирилери болжолдонгон.

Белгилей кетсек, Америкадагы e-соода алпы “Amazon” компаниясынын Интернет аркылуу соода боюнча базардагы үлүшү 34,2 пайыз. 2027-жылы бул көрсөткүч 53,5 пайызга чыгары күтүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!