Дүйнөнүн биз билбеген 10 сыры

19-Окт. 2017, Бейшемби, 17:35

Жашап жаткан планетанын ичинде биз билбеген көптөгөн керемет сырлар катылган. Балким табият, балким адам колу менен жасалган укмуштуудай феномендерди изилдөөчүлөр жана археологдор азыркы убакка чейин изилдеп келишүүдө.

Бул жашоо көптөгөн кереметтерге толгон жана кээде ал кереметтерден тажаганда башкача нерселерди изилдеп баштайбыз. Отту ойлоп таптык, унааны жасап чыгардык жана Марска да учуп барып жатабыз. Кээде биз жалгыз калган эрке балага окшоп кетебиз.

Бирок дагы деле жашап жаткан планетада жана тарыхыбызга байланыштуу чече элек сан жеткис сырлар бар. Жана буларды аныктоого аракет кылабыз, ал эми төмөндөгү табышмактуу сырларды чече албайбыз.

Мына 10 сыр, объек, жер жана окуя:

10. Mоэраки аскасы:

Бул аскалар тууралуу таң калычтуу нерсе алардын көлөмү менен керемет тегиз сфералык формасы болуп саналат. Азыркы күнгө чейин анын пайда болуу себептери сыр бойдон калууда.

9. Жаныбарлар көчү:

Жаныбарлар миграциясы – табигый кубулуш. Жаныбарлар адатта ар түрдүү географияларда жылдын кээ бир мезгилдеринде көчүп конуп жүрүшөт. Окумуштуулар балыктар, канаттуулар, курт-кумурска жана сүт эмүүчүлөр эмнеге массалык жана жалпы өзгөчөлүккө ээ экенин түшүнбөй келишет. Эмне үчүн бул инстинкт бар?

8. Улуу Гиза Сфинкси:

Байыркы замандан азыркы күнгө чейин сакталып калган Египеттеги Сфинкстин башы, геолог Роберт Шох тарабынан илгерки заманда арстандын башы болгонудугун түшүндүргөн. Кийинчээрек фараон анын башын алдырып салган делет. Ошентсе да бул гипотеза башка илимий теориялар менен же Орион жылдыздарынын үч чоң пирамидалары менен байланышы дал келбейт.

7. Синхрондуу кыймылдаган жарык бөжөктөрү:

Өз эрки менен аракет кылуунун ордуна алардын ар кайсысы бири-бирин кайталап 1-2 секунд күйүп жанышат. Биолог Жонатан Копилленд бул кандайдыр бир ритуал болуусу мүмкүн деп эсептейт. Бирок бул жагдайды эч ким түшүндүрүп бере албай келет.

6. Mередит ташы:

Бул таш 1872-жылы АКШнын Нью-Гэмпшир штатындагы көлдөн табылган. Мередит аймагында табылгандыгы үчүн бул ысым ыйгарылган. Катуу кварц ташынан оюлган бул таштын башка бир жубу, ким жасап чыгарганы же болбосо кайсы маданиятка таандык экени билине элек.

5. Tаос үнү:

АКШнын Нью-Мексика штатында пайда болгон себеби белгисиз, төмөнкү жыштыктагы үн чыгарган аймак бар. Таос кумунун үнү, унаа жүрчү жолдордогу оору жүк ташуучу унаалардын алыстан чыккан үнүндөй добуш чыгарат. Бирок бул аймакка жакын жерде эч кандай унаа жолу жок.

4. Заятский аралынын үлкөн таш лабиринттери:


Чоң Заятский аралында көптөгөн спирал таш конструкциясы табылган. Археологдор бул лабиринттин эмне себептен курулгандыгын жана эмне экенин билбей келишет. Лабиринт ар түрдүү диний ырым-жырымдар же болбосо балыкчылар тарабынан тор жасоо үчүн жасалган деген теориялар айтылат.

3. Рюкю аралындагы суу алдынан табылган ири курулуштар:

1986-жылы бир топ суучулдар тарабынан Япониянын Рюкю аралынан Йонагуна деп аталган адамдын сөлөкөтүнө окшогон курулуштарды табышкан. Таш эстеликтеринде түрдүү символдор менен рельефтер бар. Бирок аларды ким жасагандыгы белгисиз.

2-Тынч океандагы кызыл жарыктар:

Бул кызыл жарыкты алгач Кристиан Ван Хейжст тапкан. Боинг 747-8 учагында Гонконгтон Аляскага учуп келе жатып байкаган адам, чагылгандан кийин пайда болду деп айтат. Окумуштуулар бул кубулушту океан түбүндөгү жанар тоонун жарылгандагы көрүнүш болушу мүмкүн деп эсептешет.

1. Босниядагы топ ташы:

Кээ бирөөлөр илгерки замандагы адамдар өздөрүнүн чек араларын аныктоо максатында таштарды колдонушкан дешет. Чындыгында дүйнөнүн түрдүү бөлүктөрүндө орун алган жана ар кандай өлчөмдөгү бул таштардын эмнеден пайда болгону белгисиз жана түшүнүксүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!