Көз жумган адам тегерегинде эмне болуп жатканын сезет

20-Окт. 2017, Жума, 17:09

АКШнын окумуштуулары адам көз жумгандан кийин тегерегинде эмне болуп жатканын сезет деп билдиришти.

Нью-Йорктогу “Langone” медициналык борборунун дарыгери Сэм Парния жүрөгү токтоп калган адам бир нече мүнөт бою айланада эмне болуп жатканын кабылдаарын жана сезе аларын айтты.

Дарыгерлер клиникалык өлүмдү башынан кечирген Европа менен АКШ тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Алардын көпчүлүгү жүрөктөрү токтогондон кийин тегерегинде эмне болуп жатканын сезишкенин айтышкан.

Ошону менен бирге бейтаптардын сөздөрүн жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери да тастыкташкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, кээ бир адамдар жүрөгү токтоп калгандан кийин эстерин гана билбей калышкан. Ошондой эле дарыгерлер алардын өлүп калгандыгы тууралуу айткандарын да угушкан. Азыркы заманда бул кубулушту түшүндүрүү өтө кыйын экендигин билдиришет адистер.

«Техникалык жагынан алып караганда, жүрөк токтогон кезде адам өлөт. Ушул маалда мээде кан айланбай калат. Ал эми бул анын жумушу заматта токтогонун билдирет», - дейт окумуштуу Сэм Парния.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!