“Amazon” марихуана жиберди

26-Окт. 2017, Бейшемби, 15:03

Жашообузду жеңилдеткен электрондук соода айрым учурда кыйынчылык алып келиши мүмкүн экен. Буга кызык мисал АКШда болду. E-соода алпы “Amazon” флоридалык үй-бүлөгө жаңылыштык менен болжол менен 30 киллограмм марихуанна жиберген.

Желим каптарын тапшырык кылган жуптарды келген кутулардын салмагы таң калтырганын айткан. Почта кызматы менен Массачусетс штатынан келген кутуларды ачканда марихуаннын үймөгүн көрүп, дароо полицияга кабарлашкан. Ал үй-бүлө “товар” ээлерин күтүп, коркконун, көп күндөрдөн бери уйку көрө электигин билдиришкен. Ал эми “Amazon” алардан кечирим сурап, 150 долларлык белек жиберген.

Орландо полициясы бул окуя боюнча эч ким кармала электигин белгилеген.

Марихуана “Amazon” саткан товарлардын тизмесине кирбейт. Маалымат каражаттарына билдирүү жасаган аталган компаниянын жетекчилери окуянын бетин ачуу үчүн полиция менен кызматташууга даяр экендиктерин белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!