Европада катуу бороон: 6 адам көз жумду

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:35

Түндүк жана Орто Европада катуу куюндан алты адам көз жумду. Ылдамдыгы 100 чакырымга жеткен катуу нөшөр Германия, Чехия жана Польша мамлекеттерин бир топ чыгымга учуратты.

Бак-дарактар кулап, үйлөрдүн чатырларын учурса, нөшөрлөгөн жамгыр бир топ шаарларда каттамдарды аксатты. Инфраструктуралар зыян келтирген катаал аба ырайы миңдеген тургундарды жарыксыз калтырды.

Германияда поезд жолдору зыянга учурагандыктан Бремен, Гамбург, Берлин жана Ганновер шаарларында бир топ поезд каттамдары, метролор жабылды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!