Саудиялык аялдар стадиондорго кире алышат

30-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 17:21

Мээлүүн Исламга өтөөрүн билдирген Сауд Арабияда аялдардын стадиондорго кирүүсүнө уруксат берилгени турат.

Аял укуктары жагынан эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ мамлекеттердин арасындагы Сауд Арабиясында аялдардын стадиондорго кирүүсүнө уруксат болгон эмес. Өткөн айда мындай тыюу аларын жар салган өлкө жетекчилери буга байланышкан мыйзам 2018-жылдан баштап күчүнө кирерин билдиришкен.

Спорт департаментинин “Twitter” тармагындагы билдирүүсүндө “Риад, Жидда жана Дамандагы үч стадионго 2018-жылдан баштап үй-бүлөлөрдү кабыл алууга даярдык көрүлө баштады”,-деп жазылган. Ошондой эле, стадиондорго ресторан жана кафелер ачылары, чоң экрандар жайгаштырылары белгиленген.

Шариат эрежелери менен жашаган аталган өлкөдө аял билим алуу, саякатка чыгуу үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнөн атасынан, күйөөсүнөн же эркек бир тууганынан уруксат алышы керек.

Анткен менен Сауд Арабия “Vizyon 2030” аттуу экономикалык жана социалдык реформалардын алкагында аялдарга карата катаал эрежелердин айрымдарын алып саларын жарыя кылган.

Мураскер ханзада Мухаммед өткөн аптадагы билдирүүсүндө өлкөсү мурдагыдай бардык диндерге жана дүйнө жүзүнө толлеранттуу, мээлүүн Ислам мамлекетине кайра кайтарын айткан.

Эскерте кетсек, өткөн айда саудиялык аялдарга унаа айдоого уруксат берилген. Жакында кинолор боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизилери күтүлүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!