Путин Тегеранга жумушчу сапары менен келди

1-Ноя. 2017, Шаршемби, 17:49

Россиянын президенти Владимир Путин Тегеранда жумушчу сапары менен келди. Анда Иран жана Азербайжандын президентери Хасан Роухани, Ильхам Алиев менен үч тараптуу жолугушууга катышат.

Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча актуалдуу темалар талкууланат. Андан тышкары лидерлер террорчулук, экстремизм, баңгизатын сатууга каршы биргеликте күрөшүү жагы сүйлөшүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!