БУУ: Күчтүү аялдар эң таасирдүү курал

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 13:42

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Качкындар жогорку комиссарлыгынын маалыматына караганда аялдар жана балдар качкындардын 60 пайызын түзөт. Ошондой эле аларда эркектерге караганда зомбулукка учуроо коркунучу жогору. Брюсселде өткөн “Crans Montana” форуму мына ушул көйгөйлөрдү чечүү максатында уюштурулган.

Жыйында Италия Сенатынын башчысынын орун басары Линда Ланциллотта качкын балдарга жардам берүү үчүн Италияда жасалып жаткан иштерге токтолду. “Мындай балдар үчүн өзүнчө мыйзам долбоорун даярдадык. Анда балдарды коомчулукка кошуу, мектепке киргизүү жагы жазылган”,-деди.

Форумда аялдарды экономикага кошуу, лидерлигин өнүктүргөн программаларга көбүрөөк инвестиция кылуу колдоого алынды. Ошондой эле жаштардын радикалдашуусу согушта жана миграцияны көзөмөлдөөдө эң маанилүү, пайдалуу куралга айланып жатканы талкуу жаратты.

Африкада бул багытта иштерди жүргүзүү, ага инвестиция салуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө иш мүмкүнчүлүктөрүн түзүү Европа биримдигинин Миграция боюнча эң башкы стратегияларынын бири экени белгиленди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!