Жүргүнчүлөр салмагына жараша тандалабы?

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 15:36

Финляндиянын борбору Хельсинкиде “Finnair” авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдүн салмагына көңүл бөлөрүн билдирди.

Акыркы мезгилдерде авиакомпаниялар арасында салмакка карата билет сатуу жагы талкууланып жаткан.

2013-жылы “Samoa” авиакомпаниясы биринчилерден болуп жүргүнчүлөрдүн билеттери салмактарына жараша баалаган. Ал эми өткөн жылы “Hawaii” аба жолдору ашыкча салмак басымдуулук кыларын белгилеген.

“Finnair” бул суроого “жок” деди

Аталган авиакомпанияга билет баалары боюнча суроолор көп берилүүдө. Бирок ага көбүнчө “жок” деген жооп узатат. Ишкананын байланыш тармагы боюнча директору Пет Таллгвист “Авиакомпаниялар учакты жана жүктөрдүн салмагы биле алат. Бирок жүргүнчүлөрдүкүн билбейт. Ишкананын максаты күйүүчү май жана коопсуздук үчүн жүргүнчүлөрдүн жалпы салмагына байланыштуу маалымат алуу. Азырынча буга 180 ыктыярчы катышууда. Бирок жалпы 2 миң ыктыярчыга муктаждык бар”,-деген.

Учурда “Finnair” Европа авиация коопсуздугунун (EASA) сурамжылоосунан алынган маалыматтардын негизинде иш алып барууда. Ага ылайык эркек жүргүнчүнүн салмагы 84.6 килограмм, ал эми аялдыкы 66.5 килограмм.

Булардан тышкары “Finnair” авиакомпаниясынын жүргүнчүлөргө кызыгуулары уланып турат. Эми алар Азия жана Европага учкан жүргүнчүлөр менен Чыгыш Азиядан узак аралыктагы учуулардагы кардарларынын ортосундагы айырманы изилдегени турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!